2023-2024-окуу жылына кесиптик лицейлерге кабыл алуу 3-июлдан 30-августка чейин онлайн режимде жүргүзүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги маалымдады.
Маалыматка ылайык, кабыл алуу билими жөнүндөгү документтин орточо баллынын негизинде жүргүзүлөт.
Башталгыч кесиптик билим берүү мекемелерине окуучуларды кабыл алуу, которуу жана окуудан чыгаруу эрежелерине ылайык, жалпы орто билимге жана жалпы негизги билимге ээ мектеп бүтүрүүчүлөрү кабыл алынат.
Абитуриенттер сынакка катышуу үчүн өтүнмөлөрдү жана документтерди “Абитуриент онлайн” электрондук автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу тапшырышат.