Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Акуналы Досалиевдин Бишкек шаарынын Арча-Бешик конушундагы үйүнүн тосмосу буздурулду. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, буга чейин интернет желесине орун басардын үйүнүн тосмосу кызыл сызыктан өтүп, тротуар курууга тоскоолдук жаратууда деген маалымат тараган.
"Бул маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирген мэрия өкүлдөрү аталган көчөнү асфальттоо иштери жүрүп жатканын айтып, транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары үйүнүн тосмосун өз демилгеси менен түрттүрөрүн билдирген", - деп айтылат маалыматта.
Бул жагдайга транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев өз пикирин билдирди.
"Орун басарымдын үйүнүн тосмосу өз каалоосу менен бузулду. Ал көчөдө 40тан ашык үйдүн тосмосу бузулуптур. Мыйзам баарына бирдей! Биз үчүн ар бир кызматкердин жоопкерчилиги маанилүү", - дейт министр.