Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жумгал районунун Миң-Куш айыл аймагындагы уран калдыктарын сактоочу жайларга барды. Бул тууралуу бүгүн, 4-июлда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.
Миң-Куш айыл аймагында “Талды-Булак”, “Туюк-Суу”, “Как” жана “Дальнее” сыяктуу уран калдыктары сакталган төрт жай бар.
"Учурда “Как” уран калдыктары сакталган жайы жеринде рекультивацияланууда, жүргүзүлүп жаткан иштер үстүбүздөгү жылы бүткөрүлөт. “Талды-Булак” уран калдыктары сакталган жайы “Дальнее” уран калдыктары сакталган жайга көчүрүлүүдө. Ташуу иштери ушул жылдын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.
Ал эми “Туюк-Суу” уран калдыктары сакталган жайын “Дальнее” уран калдыктары сакталган жайга айыл аралаган жол аркылуу ташуу керек болгондуктан жергилиликтүү эл каршылыгын билдирген", - деп айтылат маалыматта.
Жергиликтүү жашоочулардын маселесин угуу үчүн Акылбек Жапаров алар менен жолукту. Анда жергиликтүү тургундар эгерде “Туюк-Суу” уран калдыктары сактоочу жайы ачылып, башка жайга көчүрүлө турган болсо ал ден соолукка зыян келтирээрин айтышты.
Карапайым элдин, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү бийликтин жана тиешелүү адистердин пикирин уккан Акылбек Жапаров, бардык аткарыла турган иштер мыйзам чегинде болоорун жана элдин кызыкчылыгы үчүн чечилиши керектигин билдирди. Жыйынтыгында өкмөт башчы жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө “Туюк-Суу” уран калдыктары сактоочу жайын көчүрүү маселесин мындагы жашоочулар арасында “референдум” сыяктуу жол менен чечүүнү жана анын жыйынтыгы менен Министрлер кабинети бир чечимге келээрин билдирди.
Белгилей кетсек, Миң-Куш айыл аймагындагы уран калдыктары сакталган жайларды рекультивациялоо боюнча ЕАЭБ алкагында Орусиянын “Росатом” атомдук энергия боюнча мамлекеттик корпорациясы менен Кыргызстандын ортосунда мамлекеттер аралык максаттуу программа бекитилген.