Араванда автокырсыктан каза болгон футболчулар эскерилет

Оштун Араван районуна караштуу Тепе-Коргон айылында 1997-жылы автокырсыктан каза болгон футболчулар эскерилет. Бул тууралуу бүгүн, 4-июлда Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук лигасынан кабарлады.

"1997-жылдын 5-июлунда Араван районунун "Достук" командасы облустук биринчиликке бара жатып, Ош-Гүлчө унаа жолунун 71-чакырымында жол кырсыгына кабылып, 12 адам, анын ичинде футболчулар, машыктыруучулар жана бир калыс каза болгон. Эртең, 5-июлда Гүлчө айылында алардын элесине арналып жасалган эстеликтин ачылышы болот", - деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле бүгүн Тепе-Коргон айылында "Достук" командасынын оюнчуларынын жаркын элесине арналып, “Алай-Гүлчө” менен “Тепе-Коргон” командаларынын жолдоштук беттеши орун алганы кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан