Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама Орусияда Эл аралык окуу-машыгуу жыйынын өткөрүүдө

Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команда Орусияда Эл аралык окуу-машыгуу жыйынын өткөрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 5-июлда Дене тарбия жана спорт департаментинен кабарлады.

Маалыматка ылайык, грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү Дүйнө чемпиондугуна жана Эл аралык мелдештерге даярдык көрүү максатында Эльбурск районунда (Орусия) биргелешкен Эл аралык окуу-машыгуу жыйынын өткөрүп жатат. Окуу-машыгуу жыйыны 29-июнь күнү башталган жана 15-июлга чейин уланат.

Курама команданын тизмеси:


  • - 60 килограмм Жоламан Шаршенбеков, Нурмухаммед Абдуллаев,
    - 63 килограмм Тынар Шаршенбеков;
    - 67 килограмм Раззак Бейшекеев, Амантур Исмаилов;
    - 77 килограмм Акжол Махмудов, Ырыскелди Максатбек уулу;
    - 87 килограмм Атай Азизбеков, Азат Салидинов;
    - 97 килограмм Үзүр Жузупбеков, Нурмамбет Райымалы уулу;
    - 130 килограмм Ким Роман;

  • - Улук машыктыруучу - Улукбек Карачолоков;
    - Башкы машыктыруучу - Азат Эркимбаев.

    Белгилей кетсек, окуу-машыгуу жыйыны Дене тарбия жана спорт департаментине караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын 2023-жылга карата окуу-машыгуу жыйындарынын календарлык планына ылайык өткөрүлүп жатат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан