Маалым болгондой, жол боюндагы бордюрлардын бузулушуна айдоочулардын унааларды этиятсыз башкаруусу себеп болууда. Бордюрларга унаалар көп урунгандыктан алар бузулуп, же ордунан жылып кеткен учурлар көп болуп жатат.
Белгилей кетсек, "Бишкек асфальт сервис" муниципалдык ишканасынын жумушчулары Манас проспектисиндеги Москва жана Токтогул көчөлөрүнүн ортосундагы бордюрларды оңдоодо. Жеринде темир торчолор орнотулуп, жылдырылган бордюрлар кайра ордуна коюлуп, бетондолот.
"Урматтуу унаа сүйүүчүлөр! Жол эрежелерин сактоону, шаардын чарба кызматкерлеринин эмгегин сыйлоону, жол инфраструктурасына аяр мамиле жасоону өтүнөбүз", - деп айтылат кайрылууда.