Өлкө аймагында бир күндө 22 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 5-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө 22 бөлүм тартылды. Бишкек шаарында 3, Ош шаарында 1, Чүй облусунда 9, Баткен облусунда 3, Жалал-Абад облусунда 4, Ош облусунда 1, Талас облусунда 1 өрт кырсыгы катталган. Ал эми куткаруу кызматтары тарабынан 4 чыгуу болгон.