Грозныйда сабалган журналист Елена Милашина менен юрист Александр Немовдун окуясы боюнча Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров өзүнүн телеграм-каналында билдирүү жасады.
Билдирүүдө Кадыров кол салгандардын аты-жөнүн аныктоо үчүн бардык аракеттер көрүлө турганын белгилеген.
"Чечебиз. Компетенттүү кызматтарга кол салгандарды аныктоо үчүн бардык аракеттерди көрүүнү тапшырдым. Тиешелүү органдар окуя тууралуу билдирүү түшкөндөн кийин эле ишке киришкен"- деп жазылган Кадыровдун билдирүүсүндө.
Ал эми Кадыровдун билдирүүсүнө чейин Чеченстандын акыйкатчысы Мансур Солтаев Милашина менен Немовго кол салууну республикага карата диверсиялык провокация деп баалаган. Өз сөзүндө Солтаев тиешелүү органдар тарабынан чара көрүлөрүн жана окуяны көзөмөлдөй турганын билдирген.
Эске салсак, кечээ, 4-июлда журналист Елена Милашина менен укук коргоочу Александр Немовго куралчан адамдар кол салып, ур-токмокко алышкан. Анда Немов бутунан жаракат алса, Милашинанын манжалары сынып, чачы кырылып, денесинде бир нече жаракаттар бар экени айтылган.
Буга чейин Елена Милашина Чеченстандагы адам укуктарынын бузулушуна байланыштуу бир нече макалаларды даярдап келген. Ал 2020-жылы да Чеченстанда кол салууга дуушар болгон.
Белгилей кетсек, Рамзан Кадыров 2022-жылдын январь айында өзүнүн телеграм-каналы аркылуу Милашина менен укук коргоочу Игорь Каляпинди "террорчу" деп атаган.