Республика аймагында мыйзамсыз миграцияны уюштурган 104 факты аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирет.
Маалыматта министрлик ЖККУга мүчө мамлекеттердин 2025-жылга чейинки мөөнөткө мыйзамсыз миграцияга каршы жамааттык тутумун өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планына ылайык иш-чараларды жүргүзүп жатканы айтылат.
Алсак, ушул жылдын 19-июнунан 25-июнуна чейин Ички иштер министрлигинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү, миграциялык мыйзамдарды бузуу фактыларын аныктоо жана бөгөт коюу максатында “Нелегал-Трафик” аталышында ыкчам-алдын алуу иш-чарасы өткөрүлгөн.
Бул иш-чара мыйзамсыз миграцияны уюштурууну, өлкөнүн миграциялык мыйзамдарынын талаптарын бузууга байланышкан фактыларды аныктоого багытталган.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен миграция мыйзамын бузган жалпысынан 425 факты аныкталган.
Анын ичинен:
- Чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартуу жана пайдалануу эрежелерин бузган 14 факты аныкталган;
- Өлкө аймагына чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды чакырган же кабыл алган адамдар тарабынан алардын өлкө ичинде жүрүүсүнүн белгиленген тартибин бузган 160 факты аныкталган;
- Чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстанга белгиленген жүрүү тартибин же эмгек ишмердигин жүзөгө ашыруу же транзиттик эрежелерин бузган 210 факты аныкталган;
- Чек арадагы эмгектенген мигранттардын Кыргызстанда эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү эрежелерин бузган 41 аныкталган.
Кыргызстандын миграциялык мыйзамын бузуулары үчүн жалпы суммасы 2.546000 сомдон ашык түзгөн айып пул салынган.