Бишкекте суусу жок каналга түшүп кеткен жаран куткарылды

Бишкектеги Аламүдүн каналына түшүп кеткен жаран куткарылды. Бул тууралуу бүгүн, 5-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ахунбаев жана Мавлянов көчөлөрүнүн кесилишинен Аламүдүн каналына 1983-жылы туулган Х.Э. аттуу жаран түшүп кетип, тура албай калган. Каналда суу жок болгон.

Жерине 5 куткаруучу тартылып, жаранды каналдан чыгарып, "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан