Эл артисти Назира Мамбетова Екатеринбургда өткөн фестивалда мыкты актриса деп табылды (сүрөт)

Кыргызстандык эки актриса Екатеринбургда өткөн "Коляда-Plays" эл аралык театр фестивалында мыкты болду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Маалымдалгандай, фестивалдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын эл артисти Назира Мамбетова аялдын мыкты ролу номинациясына татыган. Ал Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театры менен биргеликте барып, Николай Коляданын "Экөө" (Старая зайчиха) пьесасында роль ойногон.

Ал эми Марина Фальман экинчи пландагы эң мыкты актриса аталган. Ал Николай Коляданын пьесасы боюнча "Баба Шанель" спектаклинде роль жараткан.

Белгилей кетсек, эл аралык театр фестивалы 20-30-июнь күндөрү Екатеринбургдагы сегиз театралдык аянтчада өткөн. Фестивалга жалпысынан 70 арыз берилип, афишага Урал драматургдарынын пьесалары боюнча коюлган 30 спектакль киргизилген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан