Өспүрүм кезинде жоголгон америкалык жаран 8 жылдан кийин тирүү табылды  

АКШнын Техас штатындагы Хьюстон шаарында 2015-жылы үйүнүн жанынан жоголуп кеткен Руди Фариас 8 жылдан кийин табылды. Бул тууралуу ABC News телеканалы билдирди.

Маалым болгондой, ошол учурда Руди Фариас 17 жашта болгон. Ал иттерин сейилдетүү үчүн көчөгө чыккандан кийин жоголуп кеткен. Полиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында иттер табылган, бирок Рудинин каякта экени белгисиз бойдон калган. Ал эми Рудинин үй-бүлөсү ал жоголгон учурда депрессияда жүргөнүн, ошондуктан адашып калышы мүмкүн экенин айтышкан. Кийинчерээк, Рудини тууганынын бакчасынан көргөндөр болгон, бирок полиция аны кайра таба алган эмес.

Техас полициясы Хьюстондун түштүк-чыгышындагы чиркөөнүн алдында эс-учун жоготкон адам тууралуу маалымат келип түшкөндөн кийин окуя болгон жерде иликтөө жүргүзгөн. Жыйынтыгында, ал адам 8 жыл мурун жоголгон Руди Фариас экени аныкталган.

Бийлик өкүлдөрү Фариастын ушул убакка чейин кайда болгону азырынча белгисиз экенин жана ал ооруканада дарыланып жатканын билдиришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан