Бишкекте 25 жаштагы жигит 8 жаштагы кызга сексуалдык ыдык көрсөткөн деп айыпталууда. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 5-июлда SUPER.KG порталына Ленин РИИБинин маалымат кызматы тастыктады.
Алдын ала маалымдалгандай, жабырлануучу шектүүнүн өгөй кызы.
Аталган факты боюнча Жазык кодексинин 158-беренеси ("Ыплас аракеттер") менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 1998-жылы туулган А.Т. аттуу жаран кармалган.
Ал Ленин райондук сотунун чечими менен СИЗО-1ге 2 айга камакка алынды. Учурда тергөө иштери уланууда.