Жалал-Абадда жаш балдар катышкан массалык мушташ орун алды (видео)

Социалдык тармактарда тарап жаткан "Азык Ордо" аталышындагы маркеттин астындагы жаш балдардын ызы-чуусу Жалал-Абадда болгон. Бул тууралуу бүгүн, 5-июлда Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Буга чейин социалдык тармактарда колдоруна темир көтөргөн балдар көчөдө ызы-чуу салып жаткан видео тараган. Видеону бөлүшкөндөр балдардын колунда бычактар да болгонун жазышты.

Облустук милициянын маалыматына ылайык, аталган окуя 2-июлда Жалал-Абад шаарындагы супермаркеттердин биринин жанында болгону белгилүү болду. Азырынча окуянын катышуучулары жана себептери аныктала элек. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатканы айтылды.

Жалал-Абаддагы ызы-чуу
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан