Быйылкы жылдын алты айында 60тан ашык жашы жете элек бала сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен маалымдады.
Маалыматка ылайык, жайкы эс алуунун башталышы менен балдардын коопсуздугун камсыз кылуу өзгөчө актуалдуу маселелердин бири. Укук бузуулардын алдын алуу боюнча негизги тапшырма өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясына берилген.
Ошондой эле милиция коопсуздук чараларын күчөткөнү кошумчаланды.