Бишкекте кытайлык дарыгерлер аялдар үчүн акысыз текшерүү жүргүзүшөт. Дареги

Кытайдан келген дарыгерлер 3-июлдан 15-июлга чейин Бишкекте аялдардын жатын рагын алдын ала аныктоо боюнча акысыз текшерүү жүргүзүшөт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, акысыз текшерүү Улуттук онкология жана гематология борборунда 3-15-июлда күн сайын саат 9:00дөн 17:30га чейин жүргүзүлөт.

"Жаныңызда өзүңүздү тастыктаган документ болушу керек. Ошондой эле скринингден өтүүдөн 2 күн мурун жыныстык катнашка барбай туруу сунушталат", - деп жазылат маалыматта.

Текшерүү төмөнкү учурларда жасалбайт:

- кош бойлуулук;

- этек кир;

- жыныстык жашоо баштай элек кыздарга жасалбайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан