Нидерландыда 2024-жылдын 1-январынан тарта мектеп окуучуларына сабакта уюлдук телефондорду, планшеттерди жана акылдуу сааттарды колдонууга тыюу салынат. Анткени алар окуучуларды алаксытып, сабакка терс таасирин тийгизет. Бул тууралуу өлкөнүн өкмөтүнө таянып жергиликтүү басылмалар билдирди.
"Уюлдук телефондор жашообуз менен тыгыз байланышта болгонуна карабастан, класста аларга орун жок. Илимий изилдөөлөр көрсөткөндөй, уюлдук телефондор тоскоолдуктарды жаратат", - деген аталган өлкөнүн билим берүү министри Робберт Дейкграаф.
Өкмөт аппараттар санариптик көндүмдөр боюнча сабактар учурунда же болбосо мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар тарабынан колдонулса, уруксат берилерин айтты.
Мектептер бул тыюу салууну кантип ишке ашырууну өздөрү чечиши керек. Бирок чаралар 2024-жылдын жай айына чейин ишке ашпай калса, мыйзамдуу чара көрүлөт.
Мындай чара Билим берүү министрлиги, мектептер жана тиешелүү уюмдардын ортосундагы макулдашуунун жыйынтыгында кабыл алынган.