Советтер Союзунун белгилүү актёру Владимир Приходько Украинада каза болду

Советтер Союзунун актёру Владимир Приходько Украинада 89 жашында каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 5-июлда kino-teatr.ru порталы билдирди.

Актёр 10-июнда каза болгон. Бирок анын каза болгону тууралуу маалымат бүгүн, 5-июлда гана белгилүү болду. Азырынча анын өлүмүнүн себеби белгисиз.

Маалым болгондой, Владимир Приходьконун сөөгү Харьков облусунун Мерефа шаарындагы Артёмовский көрүстөнүнө коюлган.

Владимир Приходько актёрдук карьерасын 1962-жылы баштаган. Ал биринчи жолу «Операция» «Ы» жана Шуриктин башка жоруктары» ("Операция "Ы" и другие приключения Шурика" ) тасмасын тарткандан кийин атактуулукка жеткен. Бул тасмадан кийин Приходько жоокердин ролун аткарып, "Согуш жана тынчтык" ("Война и мир") тасмасына катышкан. Актёр "Ийгиликтин мырзалары" ("Джентльмены удачи"), "Түшүңөрдө да жок болчу" ("Вам и не снилось"), "Революциядан төрөлгөн" ("Рожденная революцией"), "Будулайдын кайтып келиши" ("Возвращение Будулая") тасмаларына тартылганы менен да белгилүү. Анын акыркы тасмасы 1989-жылы тартылган "Мыйзам" ("Закон") драмасы болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан