Кыргызстанда коронавируска каршы вакциналарды сактоочу заманбап кампалар курулат

Кыргызстанда "Covid-19 илдетине ыкчам чара көрүү" аталышындагы эл аралык долбоордун алкагында вируска каршы вакциналарды сактоочу 8 кампа курулат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган долбоор толугу менен Бүткүл дүйнөлүк банк тарабынан каржыланууда. Учурда вакцина сактоочу 6 кампанын курулуш иштери Токтогул, Ала-Бука, Баткен, Жалал-Абад шаарларында жана Араван районунда жүрүп жатат. Ошондой эле Бишкек жана Кербен шаарларында да 2 кампанын курулуш иштери башталары күтүлүүдө.

Буга чейин аталган долбоордун алкагында Москва, Кемин, Базар-Коргон райондорундагы санитардык-эпидемиологиялык бөлүмдөрдө, Талас шаарындагы ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунда жайгашкан вакцина сактоочу кампалар толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөнү кабарланды.

Мындан тышкары, долбоордун эсебинен Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаментине 50 тоңдургуч жана 50 термоконтейнер сатылып алынганы айтылды. Ошондой эле, Иммундук профилактика боюнча республикалык борборго вакциналарды 15-25 градус муздактыкта сактоочу атайын бөлмөлөр орнотулары күтүлүүдө.

Долбоордун башкы максаты коронавирус пандемиясына каршы ыкчам чара көрүү мүмкүнчүлүктөрүн бекемдөө, тиешелүү дары-дармектерди, медициналык жабдууларды сатып алуу жана саламаттыкты сактоо тармагындагы шарттарды жакшыртуу болуп саналат.


                                            
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан