Бишкекте Улуттук филармониянын жанында чөптүн арасынан тапанча табылды. Бул тууралуу бүгүн, 5-июлда Ички иштер министрлигенен билдиришти.
Маалыматка ылайык, "Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасынын кызматкери газон чөптөрүн кыркып жаткан учурда тапанча таап алгандыгын милиция кызматкерлерине маалымдаган.
Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барып, табылган кара түстөгү темир тапанчаны алышып, Бишкек шаарынын Ленин РИИБнын ыкчам тергөө тобунун кызматкерлерине өткөрүп беришти.