Жумгалда ат туризми боюнча фестиваль өтөт

Нарындын Жумгал районундагы Кызарт айылында 21-июлдан 23-июлга чейин алгачкы жолу Кызарт-Килемче-Соң-Көл ат туризми боюнча фестиваль өтөт. Бул тууралуу Туризм департаменти билдирди.

Фестивалдын максаты - жергиликтүү калктын туризмге болгон кызыгуусун арттыруу жана аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошуу, жергиликтүү туризм ишмердүүлүгүн туруктуу өнүктүрүү жана жайылтуу болуп саналат.

Маалымдалгандай, биринчи күнү Кызарт айылында фестивалдын салтанаттуу ачылышы, концерт, шырдак-шоу, улуттук тамак-аш жана суусундуктардын көргөзмө-жарманкеси, улуттук оюндар өтөт. Экинчи күнү Килемче жайлоосунда ат, жөө жана вело турлар уюштурулат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан