Германияда автоунаанын эшигин катуу жапкан жарандар үчүн айып пул төлөө милдеттендирилди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, немис өкмөтү жарандардын тынч жашоосу жана транспорт каражаттарынын керексиз ызы-чуусун көзөмөлдөө үчүн ушундай аракетке барган. Эми унаанын эшигин катуу жапкандар 80 евро (8000 сом) айып пул төлөйт. Ошондой эле жүк ташуу же жүк түшүрүү учурунда ызы-чуу салууга тыюу салынат.
Шаардык кеңеш бекиткен токтомго ылайык, мындай жобо мотоцикл жана мопеддердин ээлерине дагы тиешелүү. Эми алар турак жайлардын алдына чейин аталган унааларын айдап келе албайт жана аларга унаалардын сигналын ашыкча колдонууга болбойт. Маалыматка ылайык, эрежени бузгандарга катаал чаралар көрүлөт.