Түстөр - маалымат берүүдөгү эң маанилүү каражаттардын бири. Биз кайсы бир нерсени же кимдир бирөөнү караганда алгачкы 90 секунданын ичинде ал тууралуу биринчи пикир калыптанат. Ал эми ошол пикир дагы 62 пайыз көзгө урунган түстөрдөн таасирленерин билчү белеңиз? Түстөр дүйнөсүнүн мына ушундай күчүн мыкты билген маркетологдор аларды бүгүнкү күнгө чейин керектөөчүлөрдү таасирлентип, көңүлүн буруучу негизги каражат катары колдонуп келишет.
Түстөрдүн табиятын изилдеген колористика илиминин өкүлдөрү ар бир түстүн күчүн, таасирин, артыкчылыктарын жана кемчиликтерин жазып чыгышкан. Ал эми аларды дүйнөгө белгилүү компаниялар логотиптеринде кандай максат жана чеберчилик менен пайдаланышкан? Биздин көзүбүз аларга кантип алданат? Алдыда кененирэк токтолобуз.
Оң таасирлери: Сүйүү, берилгендик, бийлик жана күч
Терс таасирлери: Агрессия, коркунуч, оору, кан жана согуш
Кызыл түс адамдын көңүлүн өзүнө буруп алуучу түстөрдүн сап башында турат. Ал бир канча түстүн катарында турса да, адамдын көзүнө биринчи урунуп, анын оюн толугу менен тартып алуу касиетине ээ. Буга кошумча жогоруда айтылгандай кызыл түс бийлик жана күчтүн символу. Мына ушундай өзгөчөлүктөрүнөн улам дүйнөгө белгилүү бренддер өздөрүнүн товарларында кызыл түстү колдонуп келишет. Эгер рекламада же бир сүрөттө кайсы бир майда бөлүкчөнү көзгө басып көрсөткүңүз келсе кызыл түстү колдонгонуңуз оң. Бекеринен эскертүүлөрдүн астын кызыл менен белгилешпейт. Бирок ашыкча колдонуу да туура эмес. Бул учурда ал адамдын аң-сезиминде агрессияны ойготуп, жек көрүүчүлүк сезимди козгоп жибериши ыктымал.
Оң таасирлери: Жылуулук, кубаныч, шаттык жана энергия
Терс таасирлери: Алдамчылык, кызганыч жана илдет
Сары түс көбүн эсе адамдарга жылуулук, ыңгайлуулук, шаттык жана энергия тартуулайт. Ошондуктан жаш балдар үчүн чыгарылган товарларда: кийимдерде, тамак-аштарда, оюнчуктарда көп колдонулат. Мындан тышкары эс алуу, көңүл ачуу, саякаттоо иштерине кызмат көрсөткөн тармактар да бул түс менен көп кызматташат. Белгилей кетүүчү нерсе сары түс менен кара түстүн айкалышы адамда күтүүсүз коркунуч сезимин ойготот. Ошол үчүн радиоактивдүү заттар сакталган аймактардагы эскертүүчү белгилер дал ушул эки түстүн айкалышынан жасалат.
Оң таасирлери: Табият, тазалык, жаңылык, ден-соолук, экология, гармония жана жаштык
Терс таасирлери: Алсыздык, зээригичтүүлүк жана көз карандылык
Жашыл түс жаратылыштын түсү болгондуктан табигыйлык жана тазалык сезимдерин козгоодо чоң күчкө ээ. Ал адамдарды айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылууга чакырат. Көбүнчө экологиялык таза продуктыларды өндүргөн компаниялар колдонуп келишет. Мындан тышкары, бул түстү медицина жана косметология тармактары, дени сак жашоого, туура тамактанууга үндөгөн компаниялар кеңири пайдаланышат.
Оң таасирлери: Коопсуздук, ишеним, аң-сезим, бейпилчилик, асман жана чексиздик
Терс таасирлери: Көңүл коштук, муздактык
Көк түс эркектердин да, айымдардын да эң жакшы көргөн түсү. Ал адамга коопсуздук, тынчтык жана бейпилдик тартуулайт. Ошол себептүү бул түстү авиакомпаниялар көп колдонушат. Көк түстү дүйнөгө белгилүү социалдык тармактардын логотиптеринен да көп кездештиребиз. Мындан тышкары, көк түс тамакка болгон табитти түшүрөт дешет. Андыктан тамак-аш өнөр жайында бул түстү көп колдоно беришпейт.
Оң таасирлери: Оригиналдуулук, фантазия, сыйкыр, акылдуулук, эркиндик, байлык
Терс таасирлери: Түйшүк, коркунуч жана көңүлсүздүк
Сыя түс көбүн эсе креативдүүлүктү жана өзгөчөлүктү талап кылган чыгармачылык чөйрөдө кеңири колдонулат. Изилдөөгө ылайык, бул түс айымдардын сүйүктүү түсү болсо, эркектер анчейин жактыра беришпейт. Ошол себептүү сыя түс көбүнчө айымдардын аудиториясында, назиктикти, жумшактыкты, оюнкараактык жана шаттык сезимдерин кубаттоо үчүн колдонулуп келет.
Оң таасирлери: Тазалык, аруулук, актык, тынчтык жана салтанат
Терс таасирлери: Муздактык, кол жеткистик
Ак түс көп учурда азыраак кара түс менен айкалышып колдонулат. Мындай түс айкашы расмий чөйрөнү, келишимдүүлүк жана акылдуулук түшүнүктөрүн чагылдырып турат. Ошондуктан аны дүйнөдөгү эң кымбат парфюмерия компаниялары, мода үйлөрү көп пайдаланат.
Оң таасирлери: Келишимдүүлүк, сырдуулук, күч жана авторитет
Терс таасирлери: Аза күтүү, агрессия, көңүлсүздүк, кайгы жана каардуулук
Кара түс негизинен баасы кымбат товарлар үчүн колдонулат. Жогоруда айтылгандай, бул түс күч жана авторитеттин символу. Ошол себептүү криминал чөйрөнү чагылдырган детектив жанрындагы фильмдерде кара түстөргө өзгөчө басым жасалат. Андагы авторитет ээлеринин кийген кийимдери көбүн эсе кара түстө болот. Муну жакшы түшүнгөн дүйнөлүк бренддер да анын мындай таасирин пайдаланып калуудан четте калган эмес.
Сөздүн соңунда кызыктуу маалымат катары айта кетсек, 2000-жылдардын башында дизайнер Жо Холлок ири масштабдагы изилдөө жүргүзүп, айымдарга жана эркектерге кандай түстөр жагып-жакпаарын аныктап чыккан. Анын жыйынтыгында айымдар дагы, мырзалар дагы ачык көк түстү жактырары белгилүү болгон. Мындан тышкары эркектердин көбү жашыл жана кара түстөрдү жактырарын билдиришсе, айымдар сыя жана күлгүн түстөргө жакын экендигин айтышкан.
Анда айтылгандай, мырзалардын көпчүлүгү кочкул сары (мандарин түс), күрөң, сыя жана сары түстөрдү жаман көрүшөт. Ал эми айымдардын табитине дагы кочкул сары, күмүш түс, сары жана күрөң түстөр таптакыр туура келбейт.