"Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Токмок-Чүй филиалынын кызматкерлери тарабынан кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына атайын кызматтын маалымат кызматынан кабарлашты.
Белгиленгендей, алар жоопкерчилиги чектелген коомдордун бирине таандык болгон 1330 чарчы метр турак жай эмес мүлктү жана 0,75 гектар жер тилкесин Н.М. аттуу жаранга мыйзамсыз каттап беришкен.
Бул факты боюнча УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмыш белгилери боюнча иш козголуп, кылмышка шектүүлөр убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө.