Түркияда 15 жаштагы кызды турмушка берүүгө аракет кылгандар кармалды

Түркиянын Нигде аймагында 15 жаштагы кыз менен никеге турууга аракет кылган жаран менен эки тараптын ата-энелерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыкты.

Маалым болгондой, Түркияда 15 жаштагы А.Ө. аттуу кызды таежесинин 21 жаштагы А.Ө аттуу баласына турмушка берүүгө аракет кылышкан. Бул тууралуу кыз социалдык тармактагы баракчасында айтып, интернет колдонуучулардан жардам сурап кайрылган. Көп өтпөй анын билдирүүсү интернетте тарап, Түркиянын тиешелүү органдары ыкчам чара көрүшкөн. Жыйынтыгында, кыздын ата-энеси тарабынан никеге турууга мажбурланганы, алардын Анкарада жашай турганы жана нике кыюу үчүн Нигденин Алтунхисар районуна келишкени белгилүү болгон.

Ал эми окуя боюнча кылмыш иши козголуп, кыздын ата-энеси, үйлөнүүгө аракет кылган жаран жана анын атасы менен апасы камакка алынган. Учурда 15 жаштагы кыз Үй-бүлө жана социалдык кызматтар министрлигинин мекемесинде экени айтылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан