Өзбекстанда президенттик шайлоо 9-июлда өтөт

Өзбекстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 9-июлда өтөт. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазышууда.

30-апрелде Өзбекстандын Конституциясына жаңы өзгөртүүлөр жалпы элдик референдумда кабыл алынган.

Буга байланыштуу президенттик шайлоо мөөнөтүнөн мурда, азыркы президент Шавкат Мирзийоевдин ыйгарым укуктарынын бүтөрүнө 3,5 жыл калганда өтүүдө. Эми президенттик мөөнөт беш жылдан жети жылга узартылат.

Талапкерлердин акыркы тизмеси:

- Элдик-демократиялык партиядан - Улугбек Иноятов;

- "Адолат" социал-демократиялык партиясынан - Робахон Махмудова;

- Экологиялык партиядан – Абдушукур Хамзаев;

- "Либерал-демократиялык" партиядан – Шавкат Мирзийоев.

Ал арада президенттик шайлоого көз салуу үчүн 785 байкоочу аккредитациядан өткөнү кабарланды. Ал эми каттоодон өткөн жергиликтүү жана чет элдик массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн саны 1 299 адамды түздү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан