Акылбек Жапаров өлкөдөгү бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүн ачык болууга чакырды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөдөгү бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө өкмөт башчы бул жолугушуунун негизги максаты болуп жаткан көйгөйлөрдү жана сунуштарды талкуулоо экенин белгиледи жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүн "мүмкүн болушунча ачык болууга” чакырды.


Бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү тарабынан агроөнөр жай комплексин, электрондук коммерцияны, санариптик кызматты, энергиянын кайра жаралуучу булактарын жана жеңил өнөр жайын өнүктүрүү боюнча ишкерлик кылгандардын мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүсүн жакшыртууга багытталган бир катар сунуштар айтылды.

Ошондой эле бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү бизнести жана ишкердикти өнүктүрүүгө багытталган тиешелүү ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу жагынан мамлекеттик органдардын сезилээрлик жардамын белгилешти.

Мындан тышкары, бизнес өкүлдөрү тарабынан айтылган негизги маселелердин бири эмгек рыногунда компетенттүү адистердин жетишсиздиги жана негизинен кадр маселеси болду.

Бул боюнча Акылбек Жапаров, учурда адам капиталын колдоо Министрлер кабинетинин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.

Өкмөт башчы мамлекет бизнесмендерди керектүү учурда ар тараптан колдоп берүүгө даяр экенин, мындан тышкары бажы жол-жоболорун, салык салууну, ошондой эле бардык мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү үчүн мыйзамдарды жана ченемдик укуктук актыларды өзгөртүү процесси жүрүп жатканын белгиледи.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан