Жалал-Абадда "Чач" каймана аты бар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды (видео)

Жалал-Абад шаарында уюшкан кылмыштуу топтун "Чач" каймана аты бар мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал физикалык күч колдонуу менен коркутуп, жергиликтүү соода базарлардын ээлерине салык салууга аракет кылган.

«Тийиштүү тергөө ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Тинтүү учурунда кармалган жарандан гашиш баңги затынын өзгөчө жыты бар зат табылган. Ал кароого жөнөтүлдү. Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү баңги затын колдонгону текшерилип, экспресс-тест оң жыйынтык берген. Кармалган адам КР МУККнын Жалал-Абад облусу боюнча ИВС СИЗОсуна киргизилди», - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, УКМК кармалган М.Э.Мдин кылмыштуу иш-аракеттеринен жабыр тарткан адамдарды УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгынын нөөмөт кызматына 0372 256 049 телефону аркылуу байланышууну өтүнөт.

ЧАЧ
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан