Учурда Кыргызстанда Индия киносу тартылып жатат. Болливуд жылдыздарынын жаратылышка болгон суктануусу биздин өлкөдө тасма тартылышына себеп болгон. Согуш менен сүйүүнү чагылдырган тасма 4 айдан кийин жарыкка чыгат. Аталган тасмада башкы каармандардын биринин образын жараткан Индиянын белгилүү актрисасы Снеха Уллал тууралуу баяндап берүүнү туура көрдүк. Инстаграмдагы баракчасында 1 миллионго жакын катталуучусу бар актриса биздин өлкөдө тартылган видео, сүрөттөр менен бөлүшүп жатат. Анда таза абасы, кооз жаратылышы, шаркырап аккан суулар аны суктандырганын жана Кыргызстан ага абдан жакканын билдирүүдө.
Снеха Уллал Жакынкы Чыгышта, Омандын Маскат шаарында 1987-жылдын 18-декабрында жарык дүйнөгө келген. Ал Мангалордан келген индиялык эмигранттардын кызы. Анын атасы IT адиси болгондуктан Омандагы чоң компаниялардын бирине жумушка чакырылып, мындан улам үй-бүлө Оманда жашап калган. Актриса Маскаттагы индиялык мектепте билим алган. Кийинчерээк ал апасы менен Мумбайга көчүп келип, "Durelo" монастырынын орто мектебине кирген. Анткени анын ата-энеси өздөрүнүн динин бекем кармаган адамдар. Мектепти аяктагандан кийин Мумбайдагы "Vartak" колледжине тапшырган. Айрым маалымат булактары актриса ал жерде актёр Салман Хандын карындашы, Арпита Хан менен достошконун жазат. Бул достук Салман Хан менен кокустан жолугууга алып келип, анын Болливудга болгон жолу башталган.
Снеха Уллал 2005-жылы 17 жашында Хинди киносунда Салман Хан менен чогуу "Ийгиликтүү: Сүйүүгө убакыт жок" ("Лаки: Не время для любви") тасмасында дебют жасаган. Тасма жарык көргөндөн кийин баары анын Айшвария Райга абдан окшош экени тууралуу айтышкан. Бул окшоштук ага актриса катары ийгилик алып келбегенин, бирок таанымал болгонун билдирген жайы бар. Андан кийин Снеха Салман Хандын бир тууганы Сохаил Кхан менен "Жеңилбес" ("Непобедимый") тасмасында роль жараткан, бирок прокатта жакшы көрсөткүчкө жеткен эмес.
Өтө жаш болгондуктан кино дүйнөсүнө толук кандуу аралашуу үчүн чоңоюш керек деп корккон Снеха Болливуддан тыныгуу алган. 2008-жылы 21 жашында Снеха "Ullasamga Utsahamga" аталышындагы телугу киносунда дебютун жасаган. Ал болуп көрбөгөндөй популярдуу болуп, аны Түштүк Индияда популярдуу кылган. Бул тасмасы үчүн ал "Santosham Award" сыйлыгында "мыкты дебютант" наамына татыктуу болгон.
Ал эми 2010-жылы Снеха Балакришна менен телугу тилиндеги "Симха" тасмасында роль жараткан жана ал блокбастерге айланган. Снеха түштүк тасмаларына көбүрөөк тартылып жатканы менен дагы эле Болливудга кызыгып жатканын айткан. Соңку учурда индустрияга кайра кайтып келип, көрүүчүлөрдү багындыруунун аракетинде экенин билдирген.
2022-жылдын декабрь айында анын катышуусундагы "Сүйөм сени, Локтантра" (Люблю тебя, Локтантра") фильми жарыкка чыгып, көрүүчүлөр тарабынан жылуу кабыл алынган. Буга чейин белгиленгендей, анын катышуусундагы дагы бир кинонун съёмкасы Кыргызстанда жүрүп жатат.