Бишкекте кармалган орусиялык активист Алена Крылованын СИЗОдогу кармоо мөөнөтү узартылды

Ушул жылдын 4-июнунда Бишкекте кармалган орусиялык активист Алена Крылованын СИЗОдогу кармоо мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынан билдиришти.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту Алёна Крылованын камактагы мөөнөтүн 4-сентябрга чейин узартты.

«Крылова тарабынан СИЗО-1де кармоонун шарттарына эч кандай даттануулар болгон эмес» деп билдиришти мекемеден.

Эске салсак, буга чейин Алена Крылова кармалганы белгилүү болгон. Ал 4-июнь күнү Бишкектин борборунда сейилдеп жүргөн жеринен кармалган. Орусияда ага каршы экстремисттик коомчулуктун ишмердүүлүгүнө катышкан деп кылмыш иши козголгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан