Japan Airlines авиакомпаниясы Японияга бара турган туристтерге жүгүн жеңил кылуу үчүн чемодан менен кийим алып келүүнүн ордуна кийимди ижарага алууну сунуштады. Бул тууралуу Financial Times басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка караганда, кийимдерди эки жумага ижарага алса болот. Ал эми кийимдин өлчөмүн жана түсүн туристтер өздөрү тандайт жана Японияга келүү максатына жараша кийимдерге алдын ала буйрутма бере алышат.
Ижарага берилүүчү кийимдер дүкөндөрдө калган ашыкча жана эски кийимдерден тандалып алынат, алар турист жайгашкан мейманканага же ижарага алынган турак жайга жеткирилет жана ал кеткенден кийин кайра чогултулат. Андан кийин ал кийимдерди тазалашып, кайра иштетүүгө жөнөтүшөт.
Ошондой эле компания ижарага алынуучу кийимдердин баасын да бекиткен. Анда жайында иш сапар менен келген айымдар 8 кийимди 5000 йенге (35 доллар) ижарага алса, кышында эс алууга келген мырзалардын кийими 7000 йен (48 доллар) болот. Болгону кийимдерди ижарага алуу үчүн бир ай мурда буйрутма берилиши керек.