Орусиянын Миасс шаарында 2 жашар бала 20 даана кичинекей магниттен турган браслетти жутуп алды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, эки жашар бала ич көңдөйүндө бөтөн зат бар деген шек менен ооруканага жеткирилген. Дарыгерлер бейтаптын ичегисинде тоголок 20 магниттин бар экенин аныкташкан.
Бейтаптын апасынын айтымында, бала билерикке токулган магниттерди сууруп алып, аны жутуп алган. Ата-энеси баланы өз алдынча кустурууга аракет кылышкан, бирок ал ичегиге өтүп кеткендиктен баланы бейтапканага алып келүүгө туура келген. Магниттерди эндоскопиялык жол менен алуу мүмкүн болбогондуктан дарыгерлер хирургиялык жол менен магниттерди алышкан.
Учурда баланын ден соолугунда эч кандай коркунуч жок экени жана анын сакайып келе жатканы айтылууда.