Өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүү коркунучу жогору. Бул тууралуу бүгүн, 6-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Кабарлангандай, бүгүн күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.