Президент бүгүн мыкты бүтүрүүчүлөргө "Алтын сертификаттарды" тапшырат

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-июлда мыкты бүтүрүүчүлөргө "Алтын сертификаттарды" тапшырат. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Маалым болгондой, иш-чара «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өтөт. Салтанаттуу азем УТРКнын, республикалык телеканалдардын эфиринде жана социалдык тармактардагы баракчаларда түз көрсөтүлөт.

Түз эфир саат 14:00дө башталат.

Белгилей кетсек, Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен Кыргызстанда 54 бүтүрүүчү "Алтын сертификатка" ээ болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан