Курал жана ок-дарыларды сатууга аракет кылган милициянын майору кармалды (видео)

Куралдарды жана ок-дарыларды сатууга аракет кылып жаткан жеринен М.Р.Н. аттуу милициянын майору кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-июлда УКМКнын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ болгон. Анда милициянын майорунун Ички иштер министрлигинде иштеген жылдардан баштап алынган тапанчаларды, мылтыктарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз сатуу менен системалуу түрдө алектенгени аныкталган. Ошондой эле майордун жашаган жеринен издөө иш-чараларынын жүрүшүндө курал-жарак жана ок-дарылар, тагыраагы, ар кандай калибрдеги 4 мылтык, 9 даана граната, 200 даана 9 мм калибрлүү ПМ патрону, 97 даана 5,45 калибрлүү АК-74 патрону, 141 даана 7,62 снайпердик мылтыктын патрондору жана 72 даана помпонун патрондору табылган.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) жана 267-беренесинин 4-бөлүгүнүн 2-пункту (“Куралды мыйзамсыз жүгүртүү”) боюнча кылмыш иши козголгон.

Кармалган кызматкер УКМКнын тергөө абагына киргизилгени жана бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп жатканы кошумчаланды.

Курал жана ок-дарыларды сатууга аракет кылган милициянын майорун кармалды (видео)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан