Индияда таш кулап, эки адамдын өмүрүн алды (видео)

Индияда таш кулап, эки адамдын өмүрүн алып, үчөө жарадар болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, 4-июлда Индиянын жергиликтүү убактысы боюнча 05:11 чамасында жол тыгынында турган унаалардын үстүнө тоодон чоң көлөмдөгү таштар кулап түшкөн. Анын кесепетинен бир нече унаа талкаланган.

"Учурда Индияда катуу жамгыр жаап, күн күркүрөп жатат. Мүмкүн болсо элден сыртка чыкпоону суранышат. ЖМКлардын маалыматына караганда, акыркы суткада 12 адам аба ырайынын таасиринен, негизинен чагылгандын уруусунан каза болгон", - деп жазылат маалыматта.

Индияда таш кулады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан