Биз социалдык тармакта

Казакстандын түштүгүндө аскадан кулап кеткен турист изделүүдө 

Казакстандын түштүгүндө 56 жаштагы турист аскадан кулап кетип, изделип жатат. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.

Маалым болгондой, окуя 3-июлда "Сайрам-Угам" улуттук жаратылыш паркынын аймагында болгон. Анда 3 адам деңиз деңгээлинен 4 миң 236 метр бийиктикте жайгашкан "Сайрам" чокусуна чыгышкан. Аскадан түшүп келе жатып, 56 жаштагы кишинин жиби үзүлүп кетип, эңкейишти көздөй кулап кеткен.

Кечээ, 5-июлда аба ырайынын бузулушунан улам куткаруучулар издөө иштерин жүргүзө алган эмес. Бүгүн 8 куткаруучу менен 4 альпинисттин альпинисттик жабдуулар, спутниктик телефондор, радио байланыш жана үч күндүк тамак-аш менен камсыздалып, издөө иштерине жөнөтүлгөнү айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан