Бүгүн, 6-июлда президент Садыр Жапаров Жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку упай алган абитуриенттерге "Алтын сертификат" тапшырды. Иш-чара мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясында өтүп, ага абитуриенттер менен бирге алардын мугалимдери да катышты.
Садыр Жапаров "Алтын сертификат" ээлерин жетишкен ийгилиги менен куттуктап, алардын бул даражага жеткирген мугалимдерине жана ата-энелерине ыраазычылык билдирди.
"Урматтуу бүтүрүүчүлөр, быйыл өлкө боюнча жалпы республикалык тестирлөөгө жалпысынан 50 миңге жакын бүтүрүүчү катышыптыр. Ошолордун арасынан мыкты даярдыгыңарды далилдеп, алдыга суурулуп чыгып, "Алтын сертификатка" ээ болуп олтурасыңар. Бул силердин, окуткан эжей-агайларыңардын жана ата-энелериңердин эмгегинин үзүрү деп эсептейм. Мугалимдин ар сабактагы эмгеги жана ата-эненин ар күнкү көңүл буруусу балдардын окууга болгон кызыгуусун арттырып, ой жүгүртүү маданиятын калыптандырат. Ошондуктан мектеп мугалимдери менен ата-энелерге терең ыраазычылыгымды билдирем", - деди Жапаров.
Ошондой эле Кыргызстандагы билим берүү тармагы жылдан жылга өнүгүп жатканын белгилеп, буга ЖРТ көрсөткүчү да далил экендигин кошумчалады.
"Өлкөбүздүн мектептериндеги жалпы билим берүү сапатына токтоло турган болсок, өткөн жылы Жалпы республикалык тестирлөөгө катышкандардын орточо баллы 119,8 болсо, быйыл 121,9 баллга чейин жогорулады. Бул акыркы он жылдагы көрсөткүчтөргө салыштырмалуу экинчи жакшы көрсөткүч болуп калды", - деди ал.
Өлкө башчысы мындан тышкары кыргыз бийлиги билим берүүнүн дагы алдыга жылышы үчүн иш-аракеттерди жасоону уланта берерин баса белгиледи. Садыр Жапаров сөзүнүн соңунда "Алтын сертификат" ээлерин дагы бир жолу ийгилиги менен куттуктап, алардын алдында өлкөнүн сыймыгы болуу деген улуу вазыйпа турганын билдирди.
"Мына силердин колуңарда алтын сертификат турат. Бул сертификат силерге чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Силер үчүн Кыргызстандагы бардык жогорку окуу жайларынын эшиги ачык, бюджеттик негизде каалаган окуу жайыңардан окуй аласыңар. Араңарда чет өлкөгө окууга тапшыра турган балдар-кыздар да бар. Бул дагы жакшы көрүнүш. Эң башкысы, келечекте чет жерден алган билимиңер менен өз мекениңерге келип, өлкөңөрдүн өнүгүшүнө салым кошуу канчалык маанилүү, канчалык сыймыктуу экенин унутпагыла! Кыргыз мамлекетинин келечеги силердин колуңарда! Мен силерге Кыргызстандын өнүгүүсүнө жана башка өнүккөн мамлекеттердин катарынан орун алышына өз салымыңарды кошот деп бекем ишенем!" - деди мамлекет башчысы.
Белгилей кетсек, быйыл Жалпы республикалык тестирлөөдө 54 абитуриент жогорку упай алып, алтын сертификатка ээ болгон. Алардын эң алды 236 упай болсо, арты 223 упай алган. Алтын сертификат ээлери Кыргызстандын бардык Жогорку окуу жайларына акысыз тапшыра алышат.