Бишкекте алты ай аралыгында Свердлов районунун администрациясына жазуу жүзүндө 996 арыз келип түштү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кайрылуулардын көпчүлүк бөлүгү турак жай-коммуналдык чарба жаатында болгон. Алардын ичинен 306 арыз көрктөндүрүү, жер тилкелери, санитардык тазалоо, жолдорду жана тротуарларды оңдоо, контейнердик аянтчаларды тейлөө жана транспорт маселелери тууралуу.

Ал эми материалдык жардам сурап 263 жаран кайрылып, коомдук тамактануу жайларынын иши боюнча 60 арыз келип түшкөн.

Мындан тышкары курулуш жана турак-жай шарттарын жакшыртуу боюнча – 184, короо-аянттарын көрктөндүрүү жана турак жай менчик ээлеринин шериктештиктеринин иши боюнча - 18 кайрылуу болгон. Ошондой эле юридикалык жардам сурап 165 жаран кайрылган.

"Жашоочулар Свердлов районунун администрациясына “Бирдиктүү терезе” аркылуу Чүй пр., 28 дарегине жеке өзү келип же каты менен төмөнкү дарекке почта аркылуу кайрылса болот: @adm-sverdlov@meria.kg, тел. 0312 36-07-07, 36-03-31, ф. 0312 53-13-21", - деп билдиришти калаа мэриясынан.