Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан өлкөдө массалык нааразылык акцияларын, ири толкундоолорду, бийликти күч менен басып алуу үчүн жашыруун даярдыктарды жүргүзгөн “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-июлда УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгүнүн (“Массалык баш аламандыкка чакыруу”) негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында 6-июлда “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын Чүй облусунун Сокулук, Москва райондорунда жана Бишкек шаарында 10 активдүү мүчөсүнүн жашаган жеринде тинтүү иштери жүргүзүлдү. Анын негизинде “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын партиялык материалдарынан тышкары анын мүчөлөрүнүн каржы булактарын көрсөткөн банктык карталары, реквизиттери алынды. Мындан тышкары, тинтүүлөрдүн натыйжасында алардын кылмыштуу ниетин тастыктаган башка буюм далилдери да алынды.
"Тинтүү иштеринин натыйжасында “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын З.У.А. жана Т.И.М. аттуу активдүү жактоочулары Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-97-беренесинин негизинде УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Калган кармалгандарга карата тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө", - деп билдирди мекемеден.
Белгилей кетсек, Адахан Мадумаровдун тарапташтарынын, анын ичинде З.У.А. жана Т.И.М.дин аракеттери “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын борбордук штабы тарабынан координацияланып турган. “Бүтүн Кыргызстан” парламенттик фракциясынын катчылыгынын кызматкерлери тарабынан Адахан Мадумаровдун жер-жерлерде тарапташтары менен туруктуу байланышта болуп, мобилдик тиркемелерде, мессенжерлерде жана социалдык тармактарда “тайпаларды” түзүү аркылуу тыгыз байланышта болуп, массалык баш аламандыкка даярдык көрүү менен байланышкан нааразылык акцияларын уюштурууда партиянын катардагы мүчөлөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу үчүн деструктивдүү таасир берип турушкан.
Учурда УКМК органдары тарабынан коомдук-саясий туруктуулукту камсыз кылуу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.
Маалымат үчүн: Кармалган материалдарда төмөнкүдөй кайрылуулар болгон: "Ансыз деле төңкөрүш керек", "революция болсо токтойт баардык иш. 2 жылдан бери айтып келе жатам. Бул бийлик сөздү түшүнбөйт. Муштумду түшүнөт. Буларды уруп же жок кылып токтотосуздар. Революция болот по любому. Барарда революцияга башыңарды кылычка сайып барыңыздар", "баарыңыздар кастет, дубинка, сухой пайок алып алыңыздар. Милиция же кара кепкачанды көрсөң эле башка чап дароо ойлонбой", "дубинка, коктейл молотовго алып алгыла, керек болот. Баарын оптом өрттөп салгылачы күлүн асманга сапырып. Болду артка жол жок согушса согушабыз акмактар адыраңдаган сарт менен уйгур зектер".