Бишкектеги Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин мугалими пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-июлда УКМКнын басма сөз кызматынан маалымдады.
Билдирүүгө ылайык, аталган университеттин Юридикалык колледжинин атайын дисциплиналар боюнча ПМКсынын улук окутуучусу А.Ш. 1-курстун студентинен акча талап кылган.
"Опузалап акча талап кылуунун негизги шылтоосу жайкы экзамендик сессияга киргизбейм деп коркутуу жана андан кийин окуудан чыгаруу болгон. Сессияга уруксат алуу жана баа койдуруу маселесин чечип берүү үчүн А.Ш. 1-курстун студентинен 25 миң сом талап кылган. А.Ш. атайын жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 25 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалган", - деп жазылат маалыматта.
Учурда башка ушул сыяктуу фактыларды жана жабыркаган адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.