Төкмө акын Кутман Садыбакасов үйлөндү

Кечээ, 5-июлда төкмөлүк өнөрдүн учугун улап келе жаткан жаш акын Кутман Садыбакасов үйлөндү. Салтанат Бишкектеги тойканалардын биринде өттү. Эки жашты коноктордун алдына төкмө акындар Баян Акматов менен Кубат Тукешов алып чыкты.

Акынды үлпөт тою менен куттуктап байланышканыбызда буларды айтып берди:

"Тойду нарктуу өткөрөлү деп аракет жасадык. Той Рысбай Исаков менен Самат Көчөрбаевдин манас айтуусу менен башталды. Андан соң төкмө акындар жар-жар айтып, бизди элдин астына алып чыкты. Коноктордун сап башында маданият министринин орун басары Кайрат Олжобаевич баштаган инсандардын, заман залкарлары Замирбек Үсөнбаев, Табылды Актанов, Түгөлбай Казаков баштаган даанышмандар болду. Мындан сырткары эстрадабыздын ырчылары да келип, тойдун көркүн ачышты. Анан албетте, жаныбызда биздин ата-энебиз, жакындарыбыз, досторубуз болду. Келген элдин батасын алып, тойду жогорку деңгээлде өткөрүп алдык", - дейт Садыбакасов.

Белгилей кетсек, Кутман Садыбакасов 22 жашта, Нарындын кулуну. Ал коомчулукка төкмө акын жана ырчы катары белгилүү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан