Маалыматка ылайык, мэрия, муниципалдык аймактык башкармалыгынын өкүлдөрү жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун адистери кан аркылуу жугуучу оорулардын алдын алуу максатында жеке менчик косметология, сулуулук салондор, ийне саюучу, хижама бөлмөлөрүндө АИВ/СПИДге, гепатитке каршы санитардык-гигиеналык эрежелердин аткарылышы боюнча рейд жүргүзүштү.
"Жогорку медициналык билими жок кызмат көрсөткөн 14 кызматкерге “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин негизинде протоколдор түзүлүп, 70 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Аларга талапка ылайык калыбына келтирүү иштери жасалмайынча ишмердүүлүгүн убактылуу токтотуу боюнча санитардык көрсөтмөлөр берилди", - деп жазылат маалыматта.