ЖКККББ оң рулдуу унаалардын айдоочуларына кайрылуу жасады

Акыркы учурларда оң рулдуу унаалардын катышуусунда өтө оор жол-унаа кырсыктары катталууда. Бул тууралуу бүгүн, 6-июлда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

ЖКККББ жол унаа кырсыктарын алдын алуу максатында жол кырсыктарынын келип чыгуу себептерине күн сайын талдоо жүргүзүп, ошого жараша тийиштүү чараларды көрүп келерин белгилеген.

"Талдоо көрсөтүп тургандай, Кыргызстандын аймагында катталган бир эле жол кырсыгынан 8-9 жаран көз жумуп, 10го жакын жаран жаракат алып, өтө оор кесепеттер менен коштолгон жол кырсыктарынын 60 пайызын оң рулдуу авто унаалар түзүүдө.

Акыркы учурларды ала турган болсок, 28-май күнү Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 78-чакырымындагы оң рулдуу Хонда Одиссей үлгүсүндөгү авто унаанын катышуусундагы жол кырсыгынан 8 жаран жеринде көз жумган. Анын ичинен экөөсү өспүрүмдөр болгон.
Ошондой эле 6-июнь күнү Бишкек-Ош унаа жолунун 179-чакырымындагы оң рулдуу Тойота-Алфард үлгүсүндөгү авто унаанын катышуусундагы жол кырсыгынан 6 жараныбыз көз жумган.

Бул оң рулдуу авто унаалар каршы тилкеге чыгуу учурунда жол унаа кырсыктарына кабылган. Демек, талдоо көрсөтүп тургандай, оң рулдуу авто унаалар Кыргызстандын жолдоруна ыңгайлашкан эмес", - деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле мекеменин басма сөз кызматы оң рулдуу унаалардын айдоочуларына унаа башкаруу учурунда алдыдагы унаадан ашып өтүүдө, маневр жасоодо алдыңкы жолдуу көрүү бир топ ыңгайсыз болорун белгилеп, айдоочулардан ылдамдыкты азайтуу менен коопсуздук эрежелерин сактоону өтүнөрүн кошумчалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aza84
2023-07-06 21:42:00
Кошулам алып салыш керек правый рульдарды
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан