
Борбор калаанын мэри
Эмилбек Абдыкадыров Астана шаарынын акими
Женис Касымбек менен жолугушту. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушуу “Астананын 25 жылдыгы: Астана – келечектин шаары” аттуу шаар мэрлеринин форумунун алкагында орун алып, ага Эмилбек Абдыкадыров менен бирге Кыргызстандын Казакстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Дастан Дюшекеев да катышты.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар шаарлар ортосундагы алаканы чыңдоо, Бишкек шаарынын мэриясы менен Астана акимчилигинин ишмердүүлүк чөйрөсүндө тажрыйба алмашуу маселелерин талкуулашты. Эмилбек Абдыкадыров Бишкек мэриясы биргелешкен инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууда казак тарап менен кызматташууга ачык экенин белгиледи. Ошондой эле кыргыз элинин баатыры Манастын айкелин жана залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелигин Астанада тургузуу демилгесин да баса белгиледи.
"Биз бир тууган элдерденбиз. Менимче, биз үчүн кандайдыр бир маселелерди чечүүдө эч кандай кыйынчылыктар болбойт. Бишкек мэриясы Астана шаары менен ар тараптуу кызматташтыкты чыңдоо үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даяр", - деди Эмилбек Абдыкадыров.
Белгилей кетсек, Бишкек шаары 1997-жылдан бери Алматы, 2011-жылдан бери Астана шаарлары менен боордоштук мамилесин жүргүзүп келет.