“Кыргызстан - кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү” кинофестивалы башталды. Фестивалдын ачылыш аземинде атайын сахналаштырылган сценка коюлуп, тасма талаасы чагылдырылды. Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Кыргызстан кинематографисттери бирикмесинин жетекчиси Садык Шер-Нияз "Мына ушул сыяктуу иш-чаралар менен Кыргызстандын имиджин көтөрсө болот" деди.
"Мына, биздин жаш режиссёрлор кыргыз киносу жашап жатканын далилдеп жатышат. Алар тарткан тасмалар ар кандай эл аралык фестивалдарда байгелүү орундарды алып келишүүдө. 5-10 жылдан кийин Кыргызстан кыска метраждуу тасмалардын бренди болот" деп кошумчалады Садык Шер-Нияз.