Стамбулда издөөгө алынган Кыргыз кызы өлкөгө кайтып келди

Түркиянын Стамбул шаарында изделип жаткан Кыргыз кызы Кыргызстанга кайтып келди. Бул тууралуу Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугунан билдиришти.

Маалым болгондой, 5-июлда 20 жаштагы Ж.Ш. аттуу жаран апасы менен Стамбул-Бишкек аба каттамы менен Кыргызстанга келген.

Эске салсак, 24-июнь күнү Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугуна кыргызстандык аял чалып, кызынын дайыны чыкпай жатканы тууралуу маалымат берген.

Анда Ж.Ш. аттуу Кыргыз жараны Болгариянын Варна шаарына жолго чыккан. Ал Бишкектен Стамбулга учак менен барып, андан ары автобус менен Варна шаарына кетмек болгон.

Ал эми 5-июлда Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугу дайынсыз болуп жаткан Кыргыз кызынын аман-эсен табылганын кабарлаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан