
Акыркы күндөрү Кыргызстандын аймактарында сууга чөгүп каза тапкан учурлар көп катталууда. Бул тууралуу кечээ, 6-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирип, жарандарга кайрылуу жасады.
Мекемеден билдиришкендей, кечээ, 6-июль күнү эле өлкө боюнча 4 сууга чөккөн учур катталган. Анын ичинен 3 адамдын сөөгү табылса, 1 адамды издөө иштери уланууда.
Белгилей кетсек, Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Люксембург айылында каналдын суу бөлүштүрүүчү түйүнүнөн 9 жаштагы С.Б. аттуу эркек баланын сөөгү табылган. Ошондой эле Жети-Өгүз районунун Богатыровка айылында 21 жаштагы адам көлгө чөгүп, каза тапкан. Мындан тышкары, Чолпон-Ата шаарында болжол менен 35 жаштагы эркек киши көлгө чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат келип түшкөн. Куткаруучулар тарабынан жүргүзүлгөн бир сааттык издөө иштеринен кийин гана аталган жарандын сөөгү табылган. Ал эми Чүй районунун Жаңы-Турмуш айылынан агып өтүүчү Чоң-Чүй Каналына түшүп кеткен 20 жаштагы К.М. аттуу жигитти издөө азыркыга чейин уланууда.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды сууга түшүүдө өтө этият болууга чакырат. "Жай мезгилде жакындарыңызга суу коопсуздук эрежелерин сактоону эскертип туруңуз жана өзүңүз так сактаңыз. Балдарды суу жээктеринде көзөмөлдөп турууну унутпаңыз. Анткени суу кырсыктары учурда өтө көп катталууда", - деп айтылат кайрылууда.