Орусиянын Тышкы иштер министрлиги июнь айынын башында Финляндиянын тогуз дипломатын Орусиядан чыгаруу чараларын жарыялады. Бул тууралуу Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин сайтында жарыяланган билдирүүдө айтылат.
Маалым болгондой, ушул жылдын июнь айында Финляндиянын Орусиядагы элчилигинин жана Финляндиянын Санкт-Петербургдагы Башкы консулдугунун тогуз кызматкерин өлкөдөн чыгаруу эскертилген.
Мындан тышкары Орусия 1-октябрдан тарта Финляндиянын Санкт-Петербургдагы Башкы консулдугу жабыларын билдирди.
Финляндиянын элчиси Антти Хелантерюну Тышкы иштер министрлигине чакыртышып, «Фин бийлигинин Орусияга каршы конфронтациялык саясат жүргүзүүсүнө байланыштуу» нааразылык билдиришкен.
"Учурда талкууланып жаткан Финляндиянын НАТОго кирүү параметрлери Орусиянын коопсуздугуна коркунуч жаратат", - деп айтылат маалыматта.