Кызыл-Кыяда адам өлтүрүүгө шектелип 49 жаштагы жаран кармалды

Кызыл-Кыяда адам өлтүрүүгө шектелген жаран кылмыштын изи сууй электе кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-июлда Ички иштер министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, окуя 5-июлда Кызыл-Кыя шаарында орун алган. Анда Кызыл-Кыя шаардык ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө "Таштемир-Ажы" базарында белгисиз жарандын жансыз денеси жаткандыгы боюнча кабар келип түшкөн.

Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барып жансыз дененин өздүгүн тактап, ал Ноокат районунун 42 жаштагы тургуну С.Р. экендиги аныкталды.

Аталган факты боюнча соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголгон.

Ошол эле күнү кылмышка шектүү катары мурда сот жообуна тартылган Кадамжай районунун Исхак-Полотхан айыл аймагынын тургуну 49 жаштагы Т.Т. Кызыл-Кыя шаарынан аныкталып кармалды.

Учурда кылмышка шектүү жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан